БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин жыйынында "Бир Бол" фракциясынан депутат Акылбек Жапаров Кытайдан алынган насыялардын канчасы төлөнгөнүнө кызыкты.
Каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоков 23-апрелге карата 19 миллион 117 миң доллар төлөнгөнүн айтты.
"Анын ичинен пайыздары — 16 миллион 707 миң доллар, комиссиялык төлөмдөр — 1 миллион 700 миң доллар, бирдиктүү төлөм — 694 миң доллар болду", — деди аткаминер.
"Кантип төлөө керек ошону сүйлөшүп, чечели. Байлар байлардай, кедейлер кедейлердей иш кылалы, биз эмне жерди берип эле тим болмок белек. Андай болбойт", — деди эл өкүлү.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Бишкек ТЭЦтиндеги аварияны жана модернизациялоого кеткен каражаттын сарпталышы боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун кароо уланып жатат.