БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүндө түшкөн акча каражаттары үчүн атайын банк эсеби ачылмай болду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, мындай тапшырманы өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков берген.
"Президент коррупцияга каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана ачык-айкындуулукту арттыруу максатында укук коргоо органдары тарабынан коррупциялык мүнөздөгү кылмыш иштерин тергөөдө кайтарылган. Алар боюнча соттун өкүмдөрүн аткарууда өндүрүлгөн акча каражаттарынын эсебин алууга, сактоого жана андан ары колдонууга багытталган атайын банк эсебин ачууну буюрду", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми өкмөткө атайын банк эсебин ачуунун ченемдик-укуктук маселелерин иштеп чыгуу сунушталды.