Бишкекте сойкукана уюштурган келин менен үч жаш кыз кармалды

Төшөк кызматын көрсөткөн жайдын уюштуруучусу убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Sputnik

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Бишкек ШИИБинин кызматкерлери төшөк кызматын көрсөткөн сойкукананы аныкташты. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Буга чейин милицияга 25-30 жаш чамасындагы келин сойкукана уюштурганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Милиция: баласын депкир менен сабап өлтүргөн келин сойкулук менен алектенген
Укук коргоочулар Кылмыш жаза кодексинин 261-беренеси (Сойкукана уюштуруу) боюнча кылмыш ишин козгоп, "мейманкананы" тинтүүгө алышкан. Натыйжада сойкукананы уюштурууга шектелип 25 жаштагы келин колго түшүрүлгөн.

Ошондой эле төшөк кызматын көрсөткөн 19, 22 жана 23 жаштагы кыздар дагы кармалган.

25 жаштагы шектүү ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө амалдары уланууда.