Азыркы өкмөт мүчөлөрүнүн айлыгы жана кошумча киреше булагы. Декларация

Өкмөттүн айрым мүчөлөрү жана алардын туугандары негизги жумушунан тышкары кошумча киреше булагына ээ.
Sputnik

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Кыргызстанда 23-апрель күнү Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган жаңы өкмөт түзүлдү. Sputnik Кыргызстан агенттиги 2016-жылга карата тапкан кирешесинин декларациясын карап чыгып, каражатты дагы кай жактан таап келгенине кызыкты.

Казакстандык чиновниктин 65 млн. еврого сатып алган батиринин сүрөтү жарыяланды
Эскерте кетчү жагдай, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эрлис Тердикбаев, юстиция министри Айнур Абдылдаева, өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов, саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев тууралуу маалымат жок. Себеби аталган адамдар саясий кызматты ээлебегендиктен декларациясы жарыяланган эмес.

Мындан тышкары, материалга өкмөт мүчөлөрүнүн жана алардын жакындарынын мүлкү киргизилбеди. Аны менен бирге айлыкка гана жашаган туугандар кошулган жок.

Кошумча киреше булагына ээ өкмөт мүчөлөрү:

Азыркы премьер-министр, ал кездеги биринчи вице-премьер Мухаммедкалый Абылгазиев 2016-жылы негизги жумушунан 803 миң сом тапса, мал сатуудан 870 миң сом пайда көргөн. 

Присяга членов правительства КР во главе с Мухаммедкалыем Абылгазиевым

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов (ал кезде ӨКМ жетекчиси) 730 миң сом иштеп таап, кошумча кирешеге ээ болгон эмес. Бирок анын жакын тууганы келишимдердин эсебинен 483 миң сом тапкан. 

Присяга членов правительства КР во главе с Мухаммедкалыем Абылгазиевым

Вице-премьер Жеңиш Разаков эки жыл мурун дал ушул кызматты аркалаган. Жылдык маянасы болгон 691 миң сомдон тышкары, 144 миң сом өлчөмүндө пенсия алган. 

Присяга членов правительства КР во главе с Мухаммедкалыем Абылгазиевым

Өкмөттүн аппарат жетекчиси Мурат Мукамбетов (2016-жылы өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары) 879 миң сомдук кирешесинен тышкары каражат түшкөн эмес. Бирок анын жакын тууганы ишкерликтен 1 миллион 450 миң сом тапкан. 

Присяга членов правительства КР во главе с Мухаммедкалыем Абылгазиевым

Өнөр жай, энергетика жана кенди пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Улан Рыскулов (эки жыл мурун жетекчинин орун басары) жарандык-укуктук жана башка келишимдерден 470 миң сом көргөн. Ал эми негизги жумушунан жыл ичинде 511 миң сом айлык акы алган. 

Председатель ГК промышленности, энергетики и недропользования КР Улан Рыскулов

Финансы министри Адылбек Касымалиев негизги жумушунан миллион сомго чукул акча алса, жакын тууганы ишкерлик менен алектенип, 1 миллион 162 миң сом пайда көргөн. 

Присяга членов правительства КР во главе с Мухаммедкалыем Абылгазиевым

Эскерте кетсек, жакында эле мурдагы биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиевдин мүлкү камакка алынган. Ага чейин Шадиев Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айыпталып жатканы маалымдалган. Шадиевдин канча мал-мүлкү жана дүнүйөсү бар экени да жарыяланган.