Жай келе жатат! Июнь айына карата аба ырайы

Айрым аймактарда жаан-чачындын көлөмү нормадан төмөн болушу күтүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Кыргызгидромет июнь айына карата аба ырайынын божомолун жарыялады.

Маалыматка караганда, Чүй менен Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градуска жогору болот. 

Чүй өрөөнүндө 20…22, Таласта 18…20 жылуу болушу күтүлөт. Кемин өрөөнү менен тоо этектеринде күн 14…16 градуска чейин жылыйт. 

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 7…12 градустун тегерегинде болсо, күндүз 24…29 градус жылуудан 30…35 градуска чейин өзгөрүп турушу мүмкүн.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан төмөн болушу күтүлөт (Чүй өрөөнүндө 53-73 мм, тоо этектеринде 70-73 мм, Талас өрөнүндө 26-31 мм).

Ак-Талаада ара жолдо калгандар Нарын дарыясынан аркан менен өтүүдө. Видео
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус төмөн болуп, 21…23 градус, тоо этектеринде 17…19 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30 градустан 32…37 градуска чейин көтөрүлөт. Тоо этектеринде түнкүсүн 10…15, күндүз 28…33 градуска чейин ысыйт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан төмөн болушу күтүлөт (13-39 мм, тоо этектериндеги райондордо 30-92 мм). 

Ысык-Көлдө абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градуска төмөн болуп, 13…15 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 7…12 градус жылуу, күндүз 15…20 градус жылуудан 21…26 градуска чейин өзгөрүлүп турат.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (27-32 мм, чыгышында 55-86 мм).

Нарын облусунда абанын температурасы 13…15 градуска көтөрүлөрү айтылды. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 5…10, күндүз 14…19 градустан 22…27 градуска чейин ысыйт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (38-56 мм).

Жайыт зоналары:

Шашылыш билдирүү! Өлкөдө эки күн бою жаан жаап, аймактарда сел жүрүшү мүмкүн
Алайда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2…3 градус суук, күндүз 14…19 градус жылуу болот. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (50-52мм).

Суусамырда абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 10…12 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…5 градус жылуу, 14…19 градус жылуулуктан 20…25 градуска чейин өзгөрүп турат. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (40-42 мм).