Грузияда 400 жупка бир күндө нике кыйылат

Бул иш-чаранын максаты үй-бүлөнү бекемдөө болуп саналат.
Sputnik

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. 17-майда Иса пайгамбардын асманга көтөрүлгөн күнүн майрамдоодо 400 жуп никеге турат. Бул тууралуу Sputnik Грузия маалымат агенттиги билдирди.

Кыргызстанда май айында көп үйлөнбөйт. Нике тууралуу дубандардагы кызыктуу фактылар
Ага ылайык, былтыр да жүз чакты жуп ушул майрамда нике кыйдырса, быйыл майрам күнү 400 жуп баш кошууну пландап жатат.

Уюштуруучулардын айтымында, Грузияда никеге турбаган кары-картаңдар көп. Алар учурунда түрдүү себептерден улам нике кыйдырбай калышкан. Бул иш-чаранын максаты үй-бүлөнү бекемдөө болуп саналат.

Никеге турууну каалагандар алдын ала каттоодон өтүшү керек.