Бишкекте скутер айдаган киши жолдон өтүп бараткан аялды коюп кетти. Сүрөт

Окуя саат 11.20лар чамасында болуп, жөө адамдын баш сөөгү жабыркаган.
Sputnik

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Бишкекте Свердлов райондук салык кызматынын каршы тарабынан скутер айдаган киши жөө кетип барткан аялды коюп кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.

1 / 4
Бишкекте Свердлов райондук салык кызматынын каршы тарабынан скутер айдаган киши жөө кетип барткан аялды коюп кетти
2 / 4
30 жаштар чамасындагы келин жөө адамдар өтө турган чийинде кетип баратканда скутер аны коюп кеткен
3 / 4
Кырсыктын кесепетинен башынан жаракат алган аялга күбөлөр биринчи жардам көрсөтүп, кийин Тез жардам ооруканага алып кеткен
4 / 4
Скутердин айдоочусу алдын маршрутка тосуп калгандыктан келинди байкабай калганын билдирген.

Бишкекте автобус кемпирди сүзүп кетти. Видео
Анын айтымына караганда, 30 жаштар чамасындагы келин жөө адамдар өтө турган чийинде кетип баратканда скутер аны коюп кеткен. Кырсыктын кесепетинен башынан жаракат алган аялга күбөлөр биринчи жардам көрсөтүп, кийин Тез жардам ооруканага алып кеткен.

Скутердин айдоочусу алдын маршрутка тосуп калгандыктан келинди байкабай калганын билдирген.

Күбө окуя бүгүн, 15-майда, саат 11.20лар чамасында болгонун кошумчалады.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кырсык фактысын ырастап, материалдар тергөө бөлүмүнө жиберилгенин