Жээнбеков атаандашы Тамбени таамай соккондо… Беттештин толук видеосу

Эки мушкер кеченин башкы беттешинде 93 килограммдан өйдө салмакта күч сынашкан.
Sputnik

Кыргызстандык мушкер Тилек Жээнбеков WEF Global 12 турниринин алкагында швециялык Малик Тамбе менен беттешип, кармаштын биринчи раундунда техникалык нокаут менен утуп алды.

ММА мушкери Жээнбеков: атаандаш таппай кыйналып келем
Эки мушкер кеченин башкы беттешинде 93 килограммдан өйдө салмакта күч сынашкан. 

Видеодо көрүнүп тургандай, Тамбе алгач Жээнбековго партер (күрөшүп иштөө. — ред.) абалында чабуу жасайт, бирок кыргызстанжык мушкер олуттуу кадамдарга барганга мүмкүнчүлүк бербейт. Ал арада Жээнбеков атаандашына бир нече ирет сокку узатып, жыйынтыгында жеңүүчү аталды. 

Тилек Жээнбеков эки ай мурда украиналык Юрий Проценкону жеңип, WEF Global уюмунун чемпиону болгон.