Сапар Исаков УКМКнын өкүлдөрү эмне тууралуу сураганын айтып берди

Исаков бүгүн саат 14:30да УКМКга кайрадан келип сурак берет.
Sputnik

БИШКЕК, 14-май — Sputnik.Сапар Исаков бүгүн саат 10:00дө УКМКга чакырылып, үч сааттан ашык сурак берди. Мурдагы премьер бүгүн саат 14:30да кайрадан УКМКга сурак берүү үчүн келерин журналисттерге билдирди.

Ал ошондой эле эмне тууралуу сурак болгонун айтып берди.

"Бардыгы мыйзамдуу өттү. Шаардагы ТЭЦти оңдоо боюнча тактоочу суроолор берилди, бирок мага бериле турчу суроолор бүтө элек. ТЭЦтин айланасындагы окуя боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия адилет чечим чыгарышы керек болчу. Тилекке каршы, андай нерселер байкалган жок", — деди Исаков.

Бүгүн эртең менен УКМКнын имаратына кирээр алдында Исаков журналисттердин суроолоруна жооп берип, Атамбаев жана анын командасы таза, коррупцияга аралашпай иштегенин айткан болчу. 

Мурдагы премьер УКМКга сурак берүү үчүн биринчи жолу 26-апрелде чакырылган.