Лейлек районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Селдин видеосу

Куткаруучулар селдин кесепеттерин жоюуда.
Sputnik

Баткен облусунун Лейлек районунда жүргөн селден улам өзгөчө кырдаал киргизилди. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Куткаруучу Турсунбеков: жарылган учактагы үч кишинин сөөгүн беш саат чогулттук
Эске салсак, 13-майда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам суу көтөрүлүп, үйлөрдү каптаган.

Чимген айылында 15 үйдүн короосуна суу кирген. Ошондой эле сел "Ак-Чайыр" балдар интернатынын короосун каптаган. Куткаруучулар жаратылыш кырсыгынын кесепетин жоюуда.

Ал эми Ак-Суу айылында сел жети бодо малды агызып, эки зым карагайды кулаткан. Бактыга жараша, эч ким жабыркаган эмес.

Исфана шаарында бир үй жабыркаган. Андан сырткары Ак-Суу, Чоюнчу жана Жаркыштак айылдарында жарык өчтү.