Апта ирмеми: койкойгон Кардашьяндан учактан секирип түшкөн Макронго чейин

Sputnik

Аптанын алгачкы күндөрүндө эле Бишкек шаарынын "Орто-Сай" базарынын жанындагы "Каухар" бизнес борборунда өрт чыкты. Тилсиз жоо болжол менен имарат чатырынын 130 чарчы метрин жалмап кетти.

Көчөгө батпай агылган эл. Бишкектеги "Өлбөс полктун" өзгөчө сүрөттөрү
Ал эми Жеңиш күнү президент Сооронбай Жээнбеков эл менен кошо көчөгө чыгып, "Өлбөс полк" жөө жүрүшүндө Улуу ата мекендик согушта дайынсыз жоголгон чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун сүрөтүн көтөрүп басты

Ал ортодо Россияда кайра шайланган өлкө башчысы Владимир Путиндин инаугурациясы болду.

Жуманы "Евровидение — 2018" сынагынын финалы жыйынтыктады. Бул жолу мыкты ырчы деп израилдик ырчы Нетта табылды.

1 / 18
Шейшемби күнү "Орто-Сай" базарынын жанындагы "Каухар" бизнес борборунда өрт чыгып, имараттын чатыры жана жогорку кабаттары жабыркады
2 / 18
9-майда президент Сооронбай Жээнбеков чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун сүрөтүн көтөрүп "Өлбөс полктун" катарында басты
3 / 18
Нью-Йорктогу Met Gala балына барган Ким Кардашьян
4 / 18
Өткөн аптада Россия лидери Владимир Путин төртүнчү ирет президенттик тактыга отурду
5 / 18
Англиядагы жай мезгилин тосуп алуу майрамынын катышуучулары
6 / 18
Улуу Жеңиш күнүнө арналган парадга баскан РФтин Коргонуу министрлигинин аскер университетинин курсанттары. Москва шаары
7 / 18
Ливия деңизинен куткарылган качкындар. Бангладеш, Египет, Ливия жана Нигерия өлкөлөрүнөн 150дөй адамды салып бара жаткан кайыктын моторун орто жолдон карактап кетишкен
8 / 18
Стамбулдагы "Түстүү асман" фестивалынын катышуучулары
9 / 18
Бали аралындагы деңиз фестивалы
10 / 18
Дамаскиден анча алыс эмес жердеги мурда палестиналык качкындар жан сактап жүргөн лагерь
11 / 18
Новосибирск зоопаркындагы Гималай мамалактары
12 / 18
Никол Пашиняндын тарапташтары анын Армениянын өкмөт башчысы болуп келгенине кубанып жатышат
13 / 18
Россия президенти Владимир Путин, Израиль премьер-министри Биньямин Нетаньяху жана Сербия лидери Александр Вучич. Москва шаарындагы 9-майдагы "Өлбөс полк" жүрүшү
14 / 18
"Евровидение — 2018" сынагынын катышуучусу Элени Фурейра (Кипр) репетиция маалында
15 / 18
8-май күнү Рим шаарынын борборунда жүргүнчү ташыган автобус күйүп кетти. Бактыга жараша, катуу жабыркап же каза тапкандар болгон жок
16 / 18
Франция президенти Эммануэль Макрон Увеа аралына конгон учур. Жаңы Каледония
17 / 18
Футбол боюнча дүйнө чемпионатында мелдеш өтө турган стадиондордун бири. Санкт-Петербург шаары
18 / 18
"Евровидение — 2018" сынагын израилдик Нетта аттуу ырчы жеңип алды