Чоң сааттын алдындагы "Мен сени сүйөм, Бишкек" инсталляциясын шамал көңтөрүп кетти

Күбөнүн жиберген сүрөтүнөн инсталляция оодарылып, тамгалары сынып кеткенин көрүүгө болот.
Sputnik

БИШКЕК, 12-май. — Sputnik. Борбор калаадагы чоң сааттын алдына “Мен сени сүйөм, Бишкек” деген жазуу менен коюлган инсталляцияны катуу шамал көңтөрүп кетти. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө WhatsApp канал аркылуу маалымдап, сүрөтүн жиберди. 

У курантов ветром опрокинуло инсталляцию с признанием в любви к Бишкеку

Мэриянын маалымат кызматы аны кайра калыбына кетирүү үчүн аталган жайга тийиштүү кызматкерлер жөнөп кеткенин кабарлады. Мындай Бишкек шаарына болгон сүйүүнү билдирген инсталляциялар калаанын бир нече жайларына коюлган. 

Буга чейин 24-апрелде болгон катуу шамал "Ала-Тоо" аянтындагы негизги желекти учуруп кеткен болчу.