Астма жана аллергия менен ооругандардын саны күн санап өсүүдө. Бул тууралуу Бермет Эстебесова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган оору менен ооруп, бирок каттоого турбагандар да бар.
"Дүйнө жүзүндөгүдөй эле Кыргызстанда да астма жана аллергия менен ооругандар көбөйүүдө. Бул нерсе экологиялык абалга байланыштуу. Андан сырткары, күнүмдүк жашоодо колдонуп жаткан химиялык заттар, тамак-ашка кошулган кошулмалардын эсебинен аталган дарт күчөп баратат", — деди дарыгер.
Ал дүйнө жүзү боюнча астма жана аллергия менен ооруган 235 миллион адам бар экенин кошумчалады.