"Ак аюу" атаандашын техникалык нокаут менен утуп JFC Young Force чемпиону болду

Мыктыбек Мамасалиев кеченин башкы беттешинде мушкер Владимир Мищенко менен беттешти.
Sputnik

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Мыктыбек Мамасалиев JFC Young Force турниринин алкагында атаандашын жеңип, чемпиондук курдун ээси аталды. Бул тууралуу мелдештин уюштуруучулары кабарлады.

Кыргызстанский боец MMA Мыктыбек Мамасалиев

Аралаш мушташ боюнча эл аралык турнир 11-майда Казакстандын Алматы шаарында өткөн. Анда Орто Азиянын, Россиянын жана Украинанын мушкерлери күч сынашкан. Таймашта жалпысынан 13 беттеш болгону айтылды.

Кеченин башкы беттешинде Мыктыбек Мамасалиев чемпиондук наам үчүн украиналык Владимир Мищенко менен кез келип, аны биринчи раундда эле техникалык нокаут менен утуп алган.

Мыктыбек Мамасалиев коомчулукка "Ак аюу" каймана аты менен таанымал. Бокс боюнча КРдин спорт чебери, ММА боюнча профессиондар арасында 14 беттеш өткөрүп, анын 11ин утуп, үч ирет жеңилип калган.

КыргызстанСпортЖаңылыктарМыктыбек МамасалиевJFCтурнирчемпионкур