Сооронбай Жээнбеков Сочиден Владимир Путин менен жолугат

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат.
Sputnik

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Сочиде өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышат. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Путин кыргызстандык ардагерлерге ыраазычылык билдирип, куттук сөзүн айтты
Ага ылайык, жыйын 14-майда өтөт. Жолугушууда биримдиктин алкагындагы соода-экономикалык маселелер, эл аралык кызматташуу жана ЕАЭБдин алкагында мындан ары иштешүүнүн келечеги талкууга алынат.

Андан сырткары, Евразия экономикалык комиссиясы "Кыргыз республикасы: Евразиялык экономика биримдигиндеги эки жыл. Биринчи жыйынтыктар" деген доклад менен тааныштырат.

Жээнбеков ошондой эле Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушары айтылууда. Анда эки тараптуу соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташуунун бардык тармактары