Радио

Токтогонов: Шевченко WEF мушкерлеринин UFC турнирине чыгуусуна көмөктөшүп жатат

WEF уюмунун вице-президенти Эмил Токтогонов алардын максаты келечектүү мушкерлердин эл аралык аренага чыгуусуна көмөктөшүү экендигин айтты.
Sputnik
Токтогонов: Шевченко WEF мушкерлеринин UFC турнирине чыгуусуна көмөктөшүп жатат

Атактуу спортчу Валентина Шевченконун менеджери WEF мушкерлеринин UFC турнирине чыгуусуна көмөктөшүп жатат. Бул тууралуу Эмил Токтогонов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда Шевченконун менеджери менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

"Жакында UFC президентинин "Дэйна Уайт дүйнөдөгү мыктыларды тандайт" деп аталган тандоо туру болот. Ага WEF боюнча кыргызстандык мушкерлердин катышуусу үчүн Шевченконун менеджери аркылуу келишим түзүү боюнча аракеттер башталды. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Турнир Олимпиадалык оюндарга кирбегендиктен, бул жерде мушкерди спортто таанылган беделдүү адамдар сунушташы керек. Канчалык күчтүү болсоң да ал аренага таанышсыз чыга албайсың", — деди Токтогонов.

Ал ошондой эле WEF уюмунун максаты чоң спортто үмүт жараткан балдарга башка уюмдар менен келишим түзүүгө жардам берүү экендигин кошумчалады.