Муфтият быйыл орозо качан башталарын тактап айтты

Орозо айы мусулмандар үчүн ыйык деп эсептелип, Ислам дининин беш негиздеринин бири болуп саналат.
Sputnik

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Быйыл орозо 17-майда башталат. Мындай чечим аалымдар кеңешинин бүгүнкү жыйынында кабыл алынганын кабарчыбыз жеринен билдирди.

Орозо кармагандарга тиешелүү 9 "болбойт"
17-майда башталса, орозо Айдын чыгышына карата 15 же 16-июнда аяктайт.

Орозо айы мусулмандар үчүн ыйык деп эсептелип, Ислам дининин беш негиздеринин бири болуп саналат. Күн чыккандан күн батканга чейин орозо кармагандар оозуна наар албай, суу да ичпейт.

Орозо айында тамак-аш ичүүдөн, кудайга жакпаган иштерди жасоодон өзүн кармап, таңды күндүн чыгышына багышталган дубадан баштайт жана күндүзгү, кечки намаздарын жазбай окуйт.

Орозо таң заардан тартып күн батканга чейин созулат.

Кайсы убакта ооз ачып, кайсы маалда ооз бекитүү керектигин Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган календардан көрүңүз>>