Таш тизип, чөп ташыган министр. Кубатбек Боронов тууралуу 6 факты

Тышкы иштер, социалдык өнүгүү, билим берүү жана маданият министрлерин кошпогондо Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген өкмөттүн курамы "жаңыланды". Жаңы кызматка келгендердин арасында Кубатбек Боронов да бар. Буга чейин ӨКМди жетектеп келген министр эми биринчи вице-премьерликти аркалоодо.
Sputnik

Sputnik Кыргызстан агенттиги окурмандардын суроосу менен жаңы өкмөт мүчөлөрү тууралуу факты даярдамакчы. Алгач биринчи вице-премьер Кубатбек Бороновдон баштадык.

Баш прокурор болчу Өткүрбек Жамшитов деген ким? Талапкер тууралуу 6 факты
Тоют цехте өткөн балалык. 1964-жылы 15-декабрда Ош облусунун Өзгөн районунун Зергер айылында туулган. Бирок ата-энесинин түпкү теги Алай районунан болгондуктан, 4-классында Алайга көчүп кетип, окууну ошол жактан аяктаган. Атасы совхоздун жетекчиси болгондуктан, Боронов окуучулук кезинен эле тоют цехинде иштеп, таңгак чөптөрдү ташып, уйга, койго чөп салып иштегенин буга чейин маек берип жатып айткан эле. Армияда да кызмат өтөгөн.

Эмгек жолун таш тизип баштаган. Кесиби боюнча инженер-куруучу. 1991-жылы Фрунзе политехникалык институтунун Айыл чарба курулуш факультетин аяктап, эмгек жолун "Фрунзекурулуштун" СМУ-9 трестинде таш тизгич болуп баштаган. Кесиби боюнча иштеп жүрүп, жыгач иштетүүчү заводдун жетекчилигине чейин жеткен. Бирок СССР ураганда жумуш токтоп, бизнеске өтүп кеткен. "Үй-бүлөнү бакканга туура келген" деген министр достору менен пахта сатуучу чакан ишкана да ачкан. Бирок ишкерлик менен беш жыл гана алектенген. 

Министр ЧС Кубатбек Боронов и министр МВД Мелис Турганбаев

15 жылдык өмүрүн алган ӨКМ. Биринчи вице-премьер ӨКМде алгач 2005-жылы жарандык коргонуунун шаардык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп иштей баштаган. Мекемедеги реформадан кийин ал кызмат жоюлуп, аймактар аралык башкармалыгында жетекчинин орун басары болуп калган. Улам бир тепкичке көтөрүлүп отуруп, 2011-жылы декабрь айынан баштап аталган министрликтин эки тизгин, бир чылбырын колго алган.

Ата-эне, бир туугандары. Биринчи вице-премьердин атасы учурда 83 жашта, апасы 82де. Министр өзү 8 бир тууган. Улуу агасы кырсыктап 2013-жылы дүйнө салган. Калгандары ар түрдүү тармакта иштеп келишет.

Үй-бүлөсү. Бир кыз, бир уулдун атасы. Баласы Эркин Боронов учурда Жогорку Кеңеште депутаттын жардамчысы болуп иштейт. Келини ЖКнын V чакырылышынын депутаты Замирбек Алымбековдун кызы. Ал эми өзүнүн кызы борбор калаадагы мектептердин биринде 4-класстын окуучусу. 

Сход оползня в селе Аюу в Узгенского района

Мүнөзү. ӨКМ кызматкерлеринин айтымында, Боронов жөнөкөй, карапайым адам. Ал ар бир кызматкерге бир тууганындай мамиле кылып, жыйналыштарда кокус катуу айтып алса, кайра ошол адамдын өзүн чакырып себебин түшүндүрчү экен. Түнкү саат 12лерге чейин жыйналыш өткөрүп, жаратылыш кырсыктарында дайыма катардагы кызматкерлеринин жанында жүрчү.