Биринчи Май райондук соту Райым Матраимовдун ишин карады

Бүгүнкү сот ишине Райым Матраимов өзү катышкан жок.
Sputnik

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Ишенимден кетти деп иштен алынган Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов 2017-жылы дисциплинардык жоопкерчиликке тартылбаганын Бажы кызматынын өкүлү сотто билдирди.

Биринчи Май райондук сотунда ишти кароо учурунда Бажы кызматынын өкүлү Матраимовдун жеке делосун көрсөтүп, анда Матраимов 2017-жылы ишинде кетирген калпыстык үчүн жоопкерчиликке тартылганы боюнча маалымат жок экенини көрсөтүп өттү.

Райым Матраимовдун датын карай турган Алмаз Калыбаев ким? Судьянын чуулуу өкүмдөрү
Ал эми айыпталуучунун жактоочусу Татьяна Каражанская Матраимовду иш менен тааныштырышпаганын белгиледи.

Ал ошондой эле Матраимов 20-апрелге чейин дарыланып, ооруканада болгонун жана аны тастыктай турган справкалар бар экенини айтты. Андыктан ал ишке жарамсыз болуп турган учурда кызматтан алып коюу мыйзам бузгандык болорун билдирди.

Муну менен катар Каражанская Матраимовдун кайсы чечими өкмөттүн саясатына каршы келгенин сурап кызыкты.

"Матраимовдун кайсы кабыл алган чечимдери өкмөттүн саясаты менен дал келбей калганын бизге так түшүндүрүп беришсе жакшы болот эле. Себеби бизге маалымат бериле элек", — деди жактоочу.

Адвокат андан сырткары, Матраимовду иштен алууга Атамбаев таасир бергенин ЖМКлар жазып жатканын белгилеп өттү.

Элесиң турат, өзүң жок... Табышмактуу Райымбек Матраимов тууралуу 5 факты
"Негизги чечимди өкмөт башчысы кабыл алышы керек болчу. Бирок Алмазбек Атамбаев КСДП партиясынын съездинде Матраимовду кызматтан алууну суранганын интернет булактары жазып чыкты. Ал эмнеге өкмөттүн кадрдык саясатына кийлигишет?" — деп Каражанская суроо салды.

Жактоочу Матраимов мыйзамсыз иштен алынганын айтып, аны Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгына кайтадан коюуну талап кылды.

Сот тараптарды уккандан кийин кийинки сот отурумун 17-майда саат 14:30га дайындады.

Бүгүнкү сот ишине Райым Матраимов катышкан жок.

Эске салсак, Райым Матраимов 2015-2017-жылдар аралыгында Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Өткөн жылдын 23-ноябрында премьер-министр Сапар Исаков "ишенимден чыкты" деген жүйө менен кызматтан алган. Ага удаа эле жеткечиси Азамат Сулайманов да кызматтан бошотулган.