БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алып, иш козгоо сунушун айтты.
Депутаттын айтымында, ТЭЦти модернизациялоо жана бул ишке насыя алуу туура кадам болгон. Ал эми келишим түзүүдө, Кыргызстандын кызыкчылыгына ылайыкташтырууда кемчиликтер кеткен.
"2013-жылы май айында президенттик аппараттын эки бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков менен Нурсулуу Ахмедова өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин атына модернизациялоо жана насыя алуу зарылдыгы тууралуу кызматтык кат жолдошкон. Президент ошол кездеги финансы жана энергетика министрине модернизациялоого каражат бөлүү боюнча түз буйрук берген. Өлкө башчы айтып жаткандан кийин кайсы министр баш тартмак эле? Мыйзам боюнча президенттин аткаруу бийлигине буйрук берүүгө укугу жок. Ушул жерге Атамбаевдин аралашканынан кылмыштын белгилери байкалат. Анткени президент өз укугунан аша чаап кеткен. Узурпация деген сөз бар. Демек, Атамбаевдин кол тийбестигин алып, тийиштүү органдары бул боюнча иштеши керек. Кол тийбестик кандай жол менен алынат — ал башка маселе", — деди Масалиев.
Эл өкүлү кытай компаниясы менен келишим түзүүгө депутаттардын да салымы бар экенин, ТВЕА компаниясынын эсебинен Кытайга барып эс алып келген 10 депутат тууралуу айтып, бул аракетти сынга алды.
Эскерте кетсек, жыйынга экс-премьер-министрлер катышууда. Алардын бири Сапар Исаков Масалиевдин айткандарына жооп берди.