Нургазы үчүн таяк жеген Орозкул. Орозбек Кутманалиев тууралуу 6 факты

Бүгүн актер, режиссер, төкмө акын, обончу, дастанчы Орозбек Кутманалиевдин туулган күнү. Көп кырдуу талант ээсинин көзү тирүү болгондо быйыл 86 жашка толмок.
Sputnik

Sputnik Кыргызстан агенттиги залкар инсандын өмүрү жана чыгармачылыгындагы кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Ыр-күүгө жакын өспүрүм

Орозбек Кутманалиев 1932-жылы 10-майда Чүй облусунун Сокулук районундагы Шалта айылында жарык дүйнөгө келген. Ыр-күүгө жакын өспүрүм мектепте окуп жүргөндө эле элдик чыгармачылыкка жакын болгон. Кийин бойго жеткенде эмгек жолун борбор калаадагы Куурчак театрында баштаган.

Неопубликованные "закулисные" фото — 40 лет фильму "Белый пароход"

Күжүрмөн инсан

Артист 1965-жылдан тарта Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда солист, 1969-жылдан Кыргыз телекөрсөтүү жана радиоуктуруу комитетинде режиссёр, диктор болуп эмгектенген. Үй-бүлөсүн багуу үчүн күндүз радиодо иштесе, түнкүсүн кинодо дубляж жасаган. Анан Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз академиялык драма театрында артист, 1970-жылдары "Кыргызфильмде" дубляж боюнча режиссерлукту аркалаган.

"Таяк жеген" артист

Кыргыз Республикасынын эл артисти "Ак кеме", "Эрте келген турналар", "Ак-Мөөр", "Бөрү зындан", "Махабат дастаны" өңдүү 20га жакын фильмде образ жараткан. Чебер актер тартылган тасмаларынын ичинде "Ак кемедеги" Орозкулдун ролун өтөсүнө чыгара ойногон. Ал кино калың элге сунушталганда Орозбек Кутманалиевге сценарий боюнча каза болуп калган кичинекей Нургазы үчүн кол көтөргөн көрүүчүлөр да болгон.

Окееву — 80 лет. Кыргызское чудо или строчка фильмов длиной в эпоху

34 жаштагы студент

Актер Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин 39 жашында аяктаган. Ал Ашыраалы Айталиев, Осмонкул Бөлөбалаев, Ысмайыл Борончиевден сабак алып, төкмөлүктү аркалап, дастан жана терме ырларын аткара билген. Ошондой эле бир нече ырга обон жазган.

Он бир баланын атасы

Актер радиодо иштеп жүргөндө колуктусунан айрылып, беш бала менен жалгыз калган. Кийин кесиптешине үйлөнүп, алты балалуу болушкан. Жубайлар 35 жыл чогуу жашап алты кыз, беш уулду тарбиялап, 40ка жакын небере көрүшкөн. Азыр Фатима Кутманалиева уул-кыздарынын жанында дөөлөттүү көз ирмемдерди өткөрүп келет.

Народному артисту КР, режиссеру Болоту Шамшиеву — 75. Неизвестные фото за кадром

Чарчабаган аксакал

Таланттуу инсан пенсияга чыгып жөн отурбай дыйканчылык менен алектенип, Чүй облустук театрда артист, аксакалдар сотунда төрага болуп иштеген жайы бар. Залкар артист 13 жылы мурун оорудан улам 73 жашында көз жумган.