Абдикарим Алимбаев чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болду

Тийиштүү Жарлыкка өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгон.
Sputnik

БИШКЕК, 9-май — Sputnik.Абдикарим Алимбаев мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары — Башкы штабдын начальниги болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Тийиштүү Жарлыкка өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Эске салсак, Алимбаев 2016-2017-жылдары чек ара кызматын жетектеп келген.