Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезон ачылды

Иш-чаранын жүрүшүндө жарманке өтүп, Көчмөндөр оюндарынын символикалары түшүрүлүп Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлар элге көрсөтүлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Ысык-Көл облусундагы Бактуу-Долоноту айылында Issyk-Kul ITF-2018 э аралык туристтик көргөзмө-жарманкеси өттү.

Иш-чара Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан уюштурулган.

Ошондой эле жарманке өтүп, Көчмөндөр оюндарынын символикалары түшүрүлгөн Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлар элге көрсөтүлгөн.

Жайкы туристтик сезондун ачылышына туристтик агенттиктердин жетекчилери менен адистери, жакынкы жана алыскы чет өлкөдөн келген инвесторлор, дүйнөлүк туристтик индустриянын эксперттери жана ЖМК өкүлдөрү катышты.