Бишкекте вебкам-моделдердин жайын уюштурган киши эркиндикке кое берилди

Студиянын ээси мыйзамдуу негизде иш жүргүзүп жатканына ишенип жүргөн.
Sputnik

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Бишкекте интернет аркылуу эркектерге төшөк кызматын көрсөткөн моделдердин атайын жайын уюштурган киши эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат жазып эркиндикке чыгарылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ЖКККББдан билдиришти.

3-майда шаардык милиция порнографиялык мүнөздөгү видеолорду тарткан студияны таап, интернет аркылуу төшөк кызматын көрсөткөн кыздарды аныктап чыккан болчу.

"Студиянын ээси мыйзамдуу негизде иш жүргүзүп жатканына ишенип жүргөн. Кармоо учурунда каршылык көрсөткөн жок", — деп маалымат кызматынан кабарлашты.

Бишкекте сойкулар жайын уюштурган аял жана үч кыз кармалды
Кыздар студияда вебкам-модель болуп иштеген. Ар бирине өзүнчө бөлмө берилип, эротикалык онлайн-чатта кардарлар менен сүйлөшүп, төлөгөн акчасына алар каалаган нерсесин аткарышкан.

Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү видео тартылды деген үйдү тинтүүгө алышкан. Ал жакта "жетекчи" жана 30дай кыз болгон. Ар бир бөлмөдө керебет, веб-камерага туташтырылган компьютер коюлган. Жалпысынан 16 компьютер, 150дөн ашык интимдик нерселер менен видеоматериалдар алынган.

Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 262-беренеси (Порнографиялык буюмдарды сатуу жана даярдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, видеоматериалдар боюнча экспертиза дайындалган.

Кийин 4-майда кыздар кое берилген.