Түндүкэлектр: трансформаторлорду жылына эки жолу текшеребиз

Расписаниеге ылайык, алты жаштагы кыз күйүп калган трансформатор турган будка үстүбүздөгү жылдын июнь айында текшерилиши керек болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Бишкекте алты жаштагы Нузадин Шудиева кирип кетип жаракат алган трансформатор будкасы акыркы жолу 2018-жылдын январь айында текшерүүгө алынган. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, кырсык 5-май күнү Жумабек менен Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан 3759-трансформатордук подстанцияда болгон.

"Бишкек боюнча биздин баланста 9000ге жакын трансформатордук подстанция бар. Эреже боюнча бул объектилер жылына эки ирет текшерилет. Бул будка акыркы жолу үстүбүздөгү жылдын январь айында текшерилип, сыртынан кулпуланган болчу", — деп "Түндүкэлектрден" маалымдашты.

Караколдогу төрөт үйүндө балдарга оору жуктуруу фактысы боюнча иши козголду
Ишкананын өкүлдөрү алты жаштагы кыз анын ичине кандайча кирип кеткени белгисиз болуп жатканын кошумчалашты. Учурда укук коргоо органдары бул боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

Ошондой эле ведомстводон ишкананын кызматкерлери мектеп окуучуларына трансформатордун кооптуулугу тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турарын айтышты.

Буга чейин 5-май күнү кичинекей кыз трансформатор турган будкага кирип олуттуу жаракат алганы айтылган болчу. Ал оор абалда Травматология жана ортопедия улуттук илим изилдөө борборунун күйүк бөлүмүнө жаткырылганы маалымдалган.