Владимир Путин төртүнчү ирет президенттик тактыга отурду. Бүгүн инаугурация болду

Путин ушуну менен төртүнчү ирет президенттик тактыга отурду
Sputnik

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Жаңы мөөнөткө шайланган Владимир Путин Россиянын президентинин кызматына киришти. Бүгүн Кремлдин чоң сарайында инаугурация болуп, элге кайрылды. Путин эми өлкөнү алты жыл башкарат. Өлкө башчынын ант берүү аземине беш миңге чукул киши катышты.

Ант берген соң Путин элге кайрылып, Россиянын жана элдин алдында ага чоң милдет жүктөлгөндүгүн айтты.

"Мамлекеттин тынчтыкта гүлдөп-өсүшү үчүн болгон күчүн жумшайм жана муну милдетим катары эсептейм. Россия эбегейсиз кубаттуу мамлекет болот жана эл жакшы турмушта жашайт. Биринчи орунга билим берүү, саламаттык сактоо, эне-баланы коргоо иштери коюлат", — деди президент.

Путин шайлоодо аны колдогондорго ыраазылыгын билдирди.

Мамлекет башчысы азыркы учурга "өзгөрүүлөрдүн өзгөчө активдүү доору" деп баа берип, андан сырткары, Россиянын алдында алдыңкы 10 жылга чукул алдыдагы мезгилдин тагдырын чече турган чечим кабыл алуу учуру турганын айтты.

Лавров: Путин да, Трамп да кагылышууларга жол бербейт
"Өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды коргоп, алдыга койгон ниеттерибизге жетүүгө, салтка айланган баалуулуктарыбыз, Мекен үчүн сыймыктанганды үйрөндүк. Буга чейинки жетишкендиктерибизди сактап, андан ары алдыга гана жылышыбыз керек", — деди Путин.

Ант берүү аземине өкмөт мүчөлөрү, Дума менен Федерация кеңешинин депутаттары, президенттин администрациясынын жетекчилиги, Конституциялык соттун судьялары, элчилер, маданият менен спорттун өкүлдөрү катышты.

Владимир Путин ушуну менен төртүнчү ирет Россия президентинин тактысына отурду. Алгач 2000-жылы, кийин 2004, 2012 жана 2018-жылдары мамлекет башчылыгына шайланды. Учурда 66 жашта.

Буга чейин европалыктар эмне үчүн Путинди күчтүү лидер деп эсептешерин сурамжылоодо айтып беришкен.