Иран АКШнын 11-сентябрь боюнча компенсация төлөтүү чечимин сынга алды

Касеми өз сөзүндө АКШны "тарыхты кайра жазып чыгууга" аракеттенип жатканын айтып күнөөлөдү.
Sputnik

БИШКЕК, 7-май. — Sputnik. Тегеран АКШ сотунун Иранды 11-сентябрдагы теракт курмандыктарынын туугандарына компенсация төлөөгө милдеттендирген чечимин сынга алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Бахрам Касеминин сөзүн келтирген Mehr агенттигине таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

11-сентябрь. Теракт. Бейкүнөө өлүмдөр. Каргашанын жүрөк титиреткен сүрөттөрү
Эскерте кетсек, өткөн шаршемби күнү АКШ соту Иран, Исламды коргоочулар корпусу жана Ирандын борбордук банкы 1008 адамдын өлүмүнө тиешеси бар деп таап, каза тапкандардын туугандарына миллиарддаган доллар акча төлөтүү өкүмүн чыгарган. Чечим терактыларды иликтөөчү атайын комиссия окуяга Ирандын тиешелүүлүгүн так көрсөткөн далилдерди таппаганына карабай кабыл алынган.

"Соттун чечими таанылбайт. Бул — эл аралык укук системасын эле эмес, америка элин, өзгөчө теракт курмандыктарын жана алардын үй-бүлөсүн шылдыңдоо", — деди ТИМ өкүлү.

Касеми өз сөзүндө АКШны "тарыхты кайра жазып чыгууга" аракеттенип жатканын айтып күнөөлөдү.

Белгилей кетсек, 2001-жылдын 11-сентябрында Нью-Йоркто болгон терактыдан каза тапкандардын жакындары Иран бийлигине каршы 2004-жылы сотко арыз менен кайрылган.