БИШКЕК, 6-май. — Sputnik. Өкмөттүн tazakoom.kg сайты 3-майдан бери иштебей турат. Бул туурасында Кыргызстандагы домендерди каттоо кызматынын сайтында маалымдалат.
Анда tazakoom.kg деген домен 2-июнга чейин токтотулганы көрсөтүлүүдө. Мунун себеби белгисиз.
Сайт службы регистрации доменов в Кыргызстане
© © cctld
Сайттын ээси жана төлөмдөрү менен техникалык жактан колдоо жагынаy Маалымат, технологиялык байланыш боюнча мамлекеттик комитети жоопкер болуп саналат. Аталган мекеменин маалымат кызматы мунун себептерин кийинчерээк айтып берүүнү убадалады.
Мындан сырткары, мамлекеттик кызматтарды электрондук түрдө көрсөткөн portal.tazakoom.kg порталы да иштебей калган.
"Таза коом" санариптик трансформациялоо долбоорун мурунку премьер-министр Сапар Исаков президенттик аппараты жетектеп турган маалда демилгелеп чыккан.