Жээнбеков сотторго эмне милдет жүктөлгөндүгүн бүгүн дагы бир ирет эскертти

Өлкөдө саясий туруктуулукту камсыз кылууда Конституциялык палатанын сотторунун жоопкерчилиги жогору экендиги баса белгиленди.
Sputnik

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку соттун  Конституциялык палатасынын соттору менен жолугуп, аларга адилет чечимдерди кабыл алуунун маанисин эскертти. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

1 / 3
Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку соттун Конституциялык палатасынын соттору менен жолугуп, аларга адилет чечимдерди кабыл алуунун маанисин эскертти.
2 / 3
Бүгүн мамлекет башчы сотторду Конституция күнү менен куттуктаган
3 / 3
Президент Фемида өкүлдөрүнө Кыргызстан укуктук мамлекет курууга умтулуп жаткандыгын жана өлкөдө мыйзамдын үстөмдүгү болушу керектигин айткан.

Бүгүн мамлекет башчы сотторду  Конституция күнү менен куттуктаган.

Президент Фемида өкүлдөрүнө Кыргызстан  укуктук мамлекет курууга умтулуп жаткандыгын жана өлкөдө мыйзамдын үстөмдүгү болушу керектигин айткан.

"Жээнбеков конституциялык ченемдерди бекем сактап, өлкөдө саясий туруктуулукту камсыз кылууда Конституциялык палатанын сотторунун жоопкерчилиги жогору экендигин баса белгиледи. Ошону менен бирге жарандардын саясий укуктарын жана эркиндигин, өлкөнүн бүтүндүгүн сактоодо аларга негизги милдеттер жүктөлгөндүгүн белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Каалагандай калчанган, "жоголуп табылган" Баш мыйзам. Конституция тууралуу 5 факты
Мамлекет башчынын адилет чечимдерди кабыл алуунун мааниси тууралуу эскерткени айтылды.

"Президент мыйзамдарды бекем сактап, конституциялык принциптерден жана ченемдерден тайбай, адилет чечимдерди кабыл алуунун маанисин эскертти", — деп айтылган таратылган маалыматта.

Мамлекет башчы Кыргызстанда мыйзам баарынан бийиктигин, мыйзам алдында баары бирдей болууга тийиш экендигин белгилеген.

Февраль айынын башында Жээнбеков мыйзамды одоно бузгон соттор сөзсүз түрдө жазага тартылышы керектигин Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирген.