Президент Жээнбеков бүгүн кинотеатрга барып, "Саякбай" тасмасын көрдү

Кинону Жээнбеков менен кошо тасманы жараткан чыгармачыл топ, анын продюсери, режиссеру жана манасчылар көргөн.
Sputnik

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков "Манас" кинотеатрына барып, "Саякбай" тасмасын көрдү. Бул туурасында аталган тасманын режиссеру Эрнест Абдыжапаров Sputnik Кыргызстанга билдирди.

Анын айтымында аталган тасманы көрүүгө президент өзү ынтызар болгон.

"Жээнбековдун 3-майда Ысык-Көл облусуна болгон иш-сапарында, Тоңдо маданият тармагындагы жана улуттук баалуулуктарга  байланыштуу көйгөйлөр тууралуу маектешкенбиз. Кечээ тасманын продюсери Самат Ибраев чалып, өлкө башчынын келе турганын айтты. Президент Жээнбеков өзү жана президенттик аппараттан келип, кинофильмди көрүп кетишти", — деди Абдыжапаров.

Ал президент менен кошо кинону жараткан чыгармачыл топ, анын продюсери, режиссеру жана манасчылар да көргөндүгүн кошумчалады.

"Саякбай" фильми тууралуу. Манасчы элине кайтып келгендей эле болду
Абдыжапаров "Саякбайды" буга чейин аткаминерлерден ЖКнын спикери Дастан Жумабеков жана депутаттар көрүп кетишкенин айтты.

Режиссер Эрнест Абдыжапаровдун "Саякбай" тасмасы улуу манасчынын өмүрү менен өнөрүн баяндайт. Картина баштан-аяк Саякбай манасчы менен атактуу Чыңгыз Айтматовдун маегинен, эскерүүлөрүнөн турат. Залкар манасчынын жаш кезин кичинекей Үмөт манасчы аткарса, улуу курагын актер Марат Жанталиев ойногон. Байбичеси Бейшекан апанын образын актриса Тынара Абдразаева жаратты. Ал эми Чыңгыз Айтматовду жазуучунун кичүү уулу Элдар Айтматов, эпостогу Манастын жубайы Каныкейдин ролун Элина Абай кызы ойноду.

Тасмасын басымдуу бөлүгү улуу манасчынын туулуп өскөн жери Тоң аймагында тартылган.