Каалагандай калчанган, "жоголуп табылган" Баш мыйзам. Конституция тууралуу 5 факты

Бүгүн, 5-майда эгемендүү Кыргызстандын Баш мыйзамы 25 жашка толду.
Sputnik

Ушул убакка чейин өлкөнүн негизги документи бир канча жолу мамлекет башындагылардын бийлигин күчөтүү максатында өзгөртүлүп келгенин белгилүү. Мындан тышкары Конституция жөнүндө кандай кызыктарды билесиз?

Sputnik Кыргызстан агенттиги чейрек кылым жашаган Баш мыйзам тууралуу  беш факты даярдады.

Кабыл алынган күнү. Эгемендүү Кыргызстандын Баш мыйзамын 1993-жылдын 5-майында легендарлуу парламент кабыл  алган. Негизги документти иштеп чыгуу аракеттери андан үч жыл мурда башталган. Ал эми коомдук талкуулар кабыл алынган жылдын январь-март айларында жүргүзүлгөн. Алгачкы Конституция сегиз бөлүмдөн, 97 беренеден турчу.  Жаңы Баш мыйзамдын жаралышы менен буга чейин колдонулуп келген,  Кыргыз ССРинин 1978-жылдагы Конституциясы күчүн жоготкон.

Жээнбеков: жарандардын укугун коргоо мамлекеттин башкы милдеттеринин бири
Өзгөрүүлөр. Президенттер "кол салганда"… Баш мыйзам кабыл алынгандан бир жыл өтүп-өтпөй, тагыраагы, 1994-жылы алгачкы оңдоолор киргизилген. Анда эки палаталуу Жогорку Кеңеш (Мыйзам чыгаруучу жана Эл өкүлдөрү) түзүлүп, мамлекет  башчынын ыйгарым укуктары кеңейтилип, укуругу узарган.

Аскар Акаевдин бийлиги учурунда Конституция беш жолу (1994, 1996, 1998, 2001, 2003-жылдары) кошумча-алымчага дуушар болду. Андагы өзгөрүүлөрдүн бардыгы мамлекет башчынын ыйгарым укуктарын күчтөндүрүүгө арналган.

2006-жылдын ноябрь жана декабрь айларында Бакиевдин бийлигине оппозиция болгон депутаттар тобу Баш мыйзамдын жаңы вариантын иштеп чыгып, кабыл алышкан. Бирок бир жылга жетпей, аны 2007-жылдын сентябрь айында Конституциялык сот жокко чыгарып, ошол эле жылдын октябрь айында элдик референдум жолу менен Баш мыйзамдын ошол кездеги президент Курманбек Бакиев сунуш кылган жаңы редакциясы күчүнө кирген.

Андан кийинки өзгөртүү 2010-жылга туш келди. Апрель ыңкылабынан соң бийликке келген Убактылуу өкмөт өлкөгө парламенттик башкарууну орнотуу максатында Баш мыйзамды дагы бир ирет калчады.

Конституция табылды: ал түп нуска эмес, тарыхый экземпляр деп аталат
Акыркы түзөтүү. Учурда биз колдонуп жаткан Баш мыйзамга оңдоолор эки жыл мурда киргизилген. 2016-жылдын 11-декабрында референдум өтүп, анда добуш бергендердин 79,6 пайызы Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөрдү колдогон.

Анда негизги басым президент эмес, өкмөт башчынын ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө багытталган. Баса, 2010-жылдагы Конституцияга 2020-жылга чейин өзгөртүү киргизүүгө мораторий жарыялангандыктан, бул жолкусунда коомдо бир топ талаш-тартыш жаралган эле.

Жоголуп кайра табылышы. 2016-жылдын 19-октябрында Баш мыйзамдын түп нускасы жоголуп кетиптир деп коомчулук чуру-чуу түшкөн. Анда Жогорку Кеңештин депутаттары негизги документ кайда экенин билүү үчүн Юстиция министри менен презденттин ЖКдагы өкүлү Молдакун Абдылдаевди жарга такап, алар дагы анын кайда экенин билбей турганын айтышкан. Бирок көп өтпөй эле түп нуска табылды. Көрсө, ал биз элестеткендей эч кимдин колу тийбей, айнектин артында кармалчу кызыл китеп эмес эле, президенттин аппаратында сакталып, карандаш, калем сап менен оңдолгон жазуулары бар китепче экен.

Азыркы Баш мыйзам. Акыркы өзгөртүүлөр Баш мыйзамдын 70, 72, 75, 81 жана 87-беренелерине киргизилген. Ал сегиз бөлүмдөн жана 114-беренеден турат.