Бишкек-Кордай жолунда КамАЗды сүзгөн жолтандабас өрттөнүп кетти. Сүрөт, видео

Аман калган төрт жашар бала менен эркек киши ооруканага жеткирилген.
Sputnik

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Бишкек–Кордай жолуна катуу ылдамдык менен келе жаткан Lexus жолтандасы КамАз автоунаасын сүзүп, андан соң өрттөнүп кеткен. Окуяны ага күбө болгондор видеого тартып алышкан.

Кырсык бүгүн 5-майда, саат 19:30да Бишкек — Кордай кан жолунда болгон.

Жол кыймылы боюнча коопсуздукту камсыздоо боюнча башкармалыгынын Чүй облустук бөлүмүнөн аталган фактыны тастыкташты.

"Lexus GX үлгүсүндөгү жолтандабас Бишкек — Кордай жолунда түштүктү көздөн учуруп айдап бара жатып, алдында келе жаткан КамАЗды сүзгөн. Андан көп өтпөй Lexus өрттөнүп кеткен", — деп айтып беришти аталган кызматтан.

Каза тапкан кишиден сырткары, аман калган төрт жашар бала менен эркек киши ооруканага жеткирилген.

Милициядан жол кырсык боюнча топтолгон бардык материалдар Чүй облустук ИИБине берилип, иликтөө иштери башталганын айтышты.

Кыргызстанда кечээ дагы бир жол кырсыгы болуп, автоунаасын башкара албай калган киши бетон тосмону сүзүп, 10 жаштагы бала каза болгон.

1 / 4
Бишкек–Кордай жолуна катуу ылдамдык менен келе жаткан Lexus жолтандасы КамАз автонунаасын сүзүп, андан соң өрттөнүп кеткен
2 / 4
Кырсык бүгүн 5-майда, саат 19:30да Бишкек — Кордай кан жолунда болгон
3 / 4
Жол кыймылы боюнча коопсуздукту камсыздоо боюнча башкармалыгынын Чүй облустук бөлүмүнөн аталган фактыны тасатыкташты
4 / 4
Каза тапкан кишиден сырткары, аман калган төрт жашар бала менен эркек киши ооруканага жеткирилген.