Жаркылдап, ойлонуп, телмирип... Мукамбет Токтобаевдин сүрөттө калган элеси

Sputnik

Кыргыз Эл артисти Мукамбет Токтобаев 1947-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылында туулган. Эмгек жолун Балыкчы шаарындагы  маданият үйүндө баштап, 25 жашында Москвадагы Анатолий Луначарский атындагы Театр өнөр институтуна аяктаган. Кийин Ош драма театрында, Туңгуч жаштар театрында, Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз мамлекеттик драма театрында ондогон образ жараткан. Андан сырткары, Кыргызстан, Казакстан, Россия, АКШнын тасмаларында тартылган.

Сахна чебери, бир нече обондун автору 68 жаш курагында жол кырсыгынан көз жумган.

1 / 13
Кыргыз Эл артисти Мукамбет Токтобаев көзү тирүү болгондо 71 жашка толмок
2 / 13
"Курманбек" спектаклинде Тейитбектин ролунда
3 / 13
Мукамбет Токтобаевдин окуучулук курагында түшкөн сүрөтү (сол жакта)
4 / 13
Муканбет Токтобаев өмүрлүк жубайы Жандат Жаманбаева менен
5 / 13
Актерлуктан сырткары, "Көл жээгиндеги үй", "Апендинин жоруктары", "Кайран энең Каныкей" пьесаларына режиссерлук кылган
6 / 13
Токтоболот Абдымомуновдун "Жарыктык карыларым" спектаклинде Мажиттин ролун аткарган
7 / 13
Атактуулар - Ош драма театрынын артистери. Экинчи катарда төртүнчү турган Мукамбет Токтобаев, 1974-жыл
8 / 13
Бул залкарлар эмне деген гана мыкты образдарды жараткан жок. Токтобаев менен Дүйшөн Байдөбөтов Казань шаарында
9 / 13
Актер "Машырбек үйлөнөт" спектаклинде башкы ролду аткарып жаткан учуру. Бул образды жараткандандан кийин эл аны "Машырбек" деп атап алышкан
10 / 13
"Дворяндыкты эңсеген көпөс" спектаклинде Журдендин образында.
11 / 13
Образга сүңгүгөн актер... Антон Чеховдун "Сунуш" спектакли.
12 / 13
Актер жубайы Жандат Жаманбаева менен беш баланы тарбиялап өстүргөн
13 / 13
Артист Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз мамлекеттик драма театрында көп жыл эмгектенгенип жүрүп, 68 жашында автокырсыктан каза болгон.