Күлгөнгө кашы даяр, берерге ашы даяр кыргыз журтунун пейили менен ниети тасмал дасмиясынан агылып-төгүлүп турат эмеспи. Көӊүлдү көп нерседен бийик койгон элибиздан ашканасы да ары кызыктуу, ары пайдалуу болгон. Эне башаттын эзелки мурасы кылымдардын элегинде иргелип, бай тажрыйбанын түшүмүн арттырган бешбармактын бир канча түрлөрүнө токтолобуз. Айта келсе аты улук, той-аштын көркү болгон азыктын кызыктарына назар бурабыз.
Бешбармак
Нарын
Майда тууралган эт азыгы. Адатта жылкынын, уйдун, топоздун, кайберен менен жандык малдын бышкан же сүрсүтүлгөн эттеринен майда тууралып, чык кошулуп жасалган өтө кубаттуу тамак. Нарын эски нарын, алашак, үйүрмө келдемиян, мээлеген нарын, сүр наарын, сүрөөн нарын, ак дөбө, шапшыма, күлчө нарын деп бөлүнөт.
Эски нарын
Бодо малдын жана кийиктин жалаӊ этинен жасалган тамак. Кубаты жагынан башка тамактардан алда канча жогору турат. Жогоруда айтылгандай бышкан эттен майда тууралып, сарымсак, согон кошулган чык менен кошо тартылган.
Алашак нарын
Ак дөбө
Төөнүн этинен жасалган нарындын эски түрү. Казанга төөнүн жиликтерин чагып салып, бышканда этин майда туурап, ага чык куюп, үстүнө сөөктүн чучугун салып тартат. Ак дөбөгө сөөктүн чучугу кошулгандыктан өтө кубаттуу жана майлуу келет. Ошондуктан куршуган айранга азыраак шорпо кошуп, ак серке кылып ичишкен.
Тизгин жыяр
Эзелки азыктардын кубаты менен даярдоо ыкмасы, албетте, заман агымына ылайык өзгөрдү. Андагыдай төө союп, жилигин чагып, чучугун жалаӊ этке кошуп жеген азаматтар эмес, азыркы биз жеп жүргөн көндүм бешбармакты көбүрөөк жесе күптү болгон адамдар бар. Абалкынын кубаттуу азыгы азыркы күнүбүзгө күчтүүлүк кылса да маалымат иретинде айтып өтүүнү туура көрдүк.