Бокс менен машыгып, 34 жашында студент болгон. Тууганбай Абдиев тууралуу 6 факты

Бүгүн төкмө акын, дастанчы, комузчу Тууганбай Абдиевдин туулган күнү. Мыкты шакирттерди өстүргөн инсандын көзү тирүү болгондо быйыл 81 жашка чыкмак.
Sputnik

Sputnik Кыргызстан агенттиги көп кырдуу устат жөнүндө кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Эрте жетилген талант

Ак таңдай акын Тууганбай Абдиев 1937-жылы 3-майда Токтогул районунун Ничке-Сай айылында жарык дүйнөгө келген. Мектепте окуп жүргөн кезинде эле колуна комуз алып жамактап ырдап, Коргоол Досуевдин батасын алган. Эмгек жолун мектепти бүткөн соң Токтогул райондук маданият үйүндө баштап, кийин Жалал-Абад облусундагы драма театрында иштеген. 

Акын, дастанчи и комузист Тууганбай Абдиев

Филармонияда өткөн өмүр

Элетте чыгармачылык менен алектенип жүргөн кезинде борбор калаадан концерт коюп барган артисттер жаш жигиттин өнөрүн байкап калат. Ошентип ал 24 жашында филармонияга жумушка чакыртылып, Осмонкул Бөлөбалаев, Ысмайыл Борончиевдер менен сахнага чыккан. Абдиев ал жакта 47 жыл бою элге талантын тартуулаган. 

Акын, дастанчы, комузчу…

Кыргыз Республикасынын Эл артисти комузда кол ойнотуп, чоң күүлөрдү да черте билген. Алсак, "Чоң кербез", "Бала кербез", "Тогуз кайрык", "Мырза кербез", "Бала кербез", "Кара өзгөй", "Кер толгоо", "Ак тамак, көк тамак", "Ак Бакай" күүлөрүн ийине жеткире ойногон. Андан сырткары, "Жаныш-Байыш", "Курманбек", "Ак Мөөр" кенже эпосторун чеберчилик менен аткарып, обончулук менен алектенген.  

Акын, дастанчи и комузист Тууганбай Абдиев

34 жаштагы студент

СССРдин жазуучулар союзунун мүчөсү 34 жашында Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз тили филологиясына тапшырып, 39 жашында жогорку билимдүү болот. Тубаса талант ээси өз чыгармачылыгында дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүн кыдырып, сахналаштары менен концерт коюп барган. 

Акын, дастанчи и комузист Тууганбай Абдиев

Кызыл чеке болгон Раймалы

Режиссер Дооронбек Садырбаев тарткан "Махабат дастаны" көркөм тасмасында Раймалынын ролун Тууганбай Абдиев аткарган. Фильмден башкы каармандын жаш жигиттер менен мушташа кеткен эпизодду кездештирүүгө болот. Шакирти Аалы Тутукучевдин айтымында, ошондо ал балдар менен чындап эле кармаша кетиптир. Себеби режиссер тасмадагы ызы-чууну ачып берүү үчүн "Абдиевге кол көтөрүп койгула" деген окшойт. Ошондо ал да жөн калбай тартуу учурунда балдарды бир-эки жолу муштап жиберген жайы бар. Туткучев акындын бокс менен машыгып, көк бөрү ойноп спортко жакын болгонун айтып берди. 

Акын, дастанчи и комузист Тууганбай Абдиев

Улуу устат

Сөз баккан инсан "Таӊшы комуз", "Ыр канатында" ыр жыйнактары менен эки китебин окурмандарга сунуштаган. Ошондой эле бир топ шакирттерди тарбиялап эл алдына чыгарган. Жеңишбек Жумакадыр, Аалы Туткучов, Азамат Болгонбаев, Амантай Кутманалиев, Элмирбек Иманалиев, Сыймык Бейшекеевди таптаган. Жеке жашоосунда жубайы менен алты баланы тарбиялап өстүрүп, 71 жашында узакка созулган оорудан улам көз жумган.