БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов 20-апрелде мыйзамсыз жумуштан алынганын айтып өкмөттү сотко берди. Анын иши боюнча алгачкы соттук отурум шейшемби күнү өтүп, экинчи тараптын жоктугунан 10-майга жылдырылды.
Матраимов өкмөттүн токтомун жокко чыгарып, мурунку кызмат ордуна кайра отурууга аракет кылууда. Соттук ишке Биринчи Май райондук сотунун судьясы Алмаз Калыбаев төрагалык кылып жатат.
Азамат Калыбаев 42 жашта. Биринчи Май райондук сотунда 2009-жылдан бери иштеп жатканы айтылат. Ал эми 2015-жылы ушул эле райондук соттун судьялыгына сынак жарыяланганда 24 талапкердин ичинен 5-орунду ээлеген. Андан соң Сотторду тандоо кеңеши 14 талапкерди жактырып, ошондогу президент Алмазбек Атамбаевге сунуштаган. Өлкө башчы эки талапкерди артка кайтарып, натыйжада 12син судьялыкка дайындаган. Алардын катарында Алмаз Калыбаев дагы бар эле.
ЖМК менен адвокаттарды айыпка жыккан
Өткөн жылы Өмүрбек Текебаевдин адвокаттары Дача СУга кулаган учактагы жүк боюнча маалымат жыйын өткөрүп, анда айтылган сөздөрдү Zanoza.kg сайты жазып чыккан. Мындан улам башкы прокурор президент Алмазбек Атамбаевдин ар намысына шек келтирди деген доо менен аталган сайтты жана адвокаттар Канатбек Азиз менен Таалайгүл Токтакунованы сотко берет. Бул ишти Алмаз Калыбаев карап, интернет сайтты 3, адвокаттардын ар бирин 5 миллион сомдук айыпка жыккан. Ошондой эле жарыяланган маалыматты төгүндөө талабы коюлган.
Депуттардын мандатын кайрып берген
Камчыбек Ташиевди шайлоого катыштырбай…
Акыркы парламенттик шайлоодо "Республика — Ата-Журт" партиясынан талапкер Камчыбек Ташиевди үгүт өнөктүгү маалында "Өнүгүү — Прогресс" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Абдыманап Абдыбахаповду сабап салган деген кине менен БШК талапкерлик укугунан четтеткен. Мындан улам Ташиев Биринчи Май райондук сотуна талапкер катары тизмеге кайра каттоо өтүнүчү менен кайрылат. Бирок мындан майнап чыккан жок, судья Алмаз Калыбаев Ташиевдин өтүнүчүн канааттандырбай койгон.