Эрнис Кыязов "Бешинчи каналдын" башкы директору болду

Жаңы шайланган директор 1997-жылдан бери жалпыга маалымдоо каражаттарында иштеп келет.
Sputnik

БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Эрнис Кыязов "Бешинчи каналдын" башкы директору болуп дайындалганын Мамлекеттик мүлк фондусунан билдиришти.

Кыргызпатенттин башчылыгына Динара Молдошева дайындалды
Ал каналдын жалгыз акционери болгон "25 кадр" жабык акционердик коомунун чечими менен дайындалган.

Эрнис Кыязов эмгек жолун 1997-жылы "Кыргыз руху" гезитинде штаттан сырткаркы кабарчы болуп иштөөдөн баштаган. Улуттук телерадио корпорациясында (УТРК) да бир топ жыл эмгектенген.

"Багыт" автордук программасы менен коомчулукка белгилүү. Мамлекеттик кызматтын III класстагы кеңешчиси.

Белгилей кетсек, "Бешинчи каналдын" жамааты өткөн жылы 28-декабрда ишмердүүлүгүн токтоткон.