БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Экс-вице-премьер Аскарбек Шадиев жүрөгүн операция жасатуу үчүн чет өлкөгө чыгып кетти. Бул тууралуу анын жардамчыларынын бири кабарлады.
Маалыматка караганда, ал мындан беш күн мурда өлкөдөн чыгып кеткен.
"27-апрелде Аскарбек Шадиев чет өлкөгө жүрөгүнө операция жасатуу үчүн чыгып кетти. Азыр клиникаларды караштырып жаткандыктан, кайсы мамлекетке токтой турганын так айта албайбыз", — деди ал.
Жардамчы Шадиевдин беш жылдан бери жүрөгү ооруп жүргөнүн жана бул боюнча дарыгерлердин атайын көзөмөлүндө турганын кошумчалады.
Ал эми УКМК бул маселе боюнча төмөнкүлөрдү билдирди:
"Бизде андай маалымат жок. Расмий түрдө Аскарбек Шадиев чек араны бузган эмес. Учурда УКМК буга чейин Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишин тергөөнү улантып жатат", — дешти комитеттин маалымат кызматынан.
Эске салсак, Башкы прокуратура Шадиевдин туура эмес аракеттеринен улам мамлекетке 2 миллион 61 миң сом өлчөмүндө зыян келтирген деген кине менен кылмыш ишин козгогон.
Эскерте кетсек, Шадиев депутаттыгы менен бирге биринчи вице-премьерлик кызматты аркалап, өз арызынын негизинде 13-апрель күнү жумушунан бошотулган.