Ырдап, бийлеп, жашарып... "Шайыр апалар" Ошто өнөрүн тартуулады

Ысык-Көл облусунун "Ысык-Көл ажары" чыгармачыл тобу телефестивалда жеңүүчү аталып, 100 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды.
Sputnik

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Ош шаарындагы "Алымбек Датка" этнографиялык борборунда "Шайыр апалар" телефестивалы соңуна чыгып, "Ысык-Көл ажары" чыгармачыл тобу жеңүүчү болду. Бул туурасында аталган калаанын муниципалитетинен кабарлашты.

Таланттардын майрамы Коомдук телерадиокорпорациясы (КТРК) менен Ош шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулду.

1 / 3
Ош шаарындагы "Алымбек Датка" этнографиялык борборунда "Шайыр апалар" телефестивалы соңуна чыгып, "Ысык-Көл ажары" чыгармачыл тобу жеңүүчү болду.
2 / 3
Таланттардын майрамы Коомдук телерадиокорпорациясы (КТРК) менен Ош шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулду.
3 / 3
Иш-чарага катышкан шаар мэри Айтмамат Кадырбаев телефестивалдын улуу тарыхы бар ордолуу Ош шаарында өтүп жаткандыгы өзүнчө бир чоң мааниге ээ экендигин айтты.

Иш-чарага катышкан шаар мэри Айтмамат Кадырбаев телефестивалдын улуу тарыхы бар ордолуу Ош шаарында өтүп жаткандыгы өзүнчө бир чоң мааниге ээ экендигин айтты.

Салтанатта аялдардан түзүлгөн 28 чыгармачыл топко жана Коомдук телерадиокорпорациясынын (КТРК) уюштуруучуларына Ош шаарынын мэриясынын ыраазычылык каты жана акчалай сыйлыктары тапшырылды.

Шаңкылдап ырдап, шартылдап бийлеген шайыр апалар. Байбичелер кастинги
КТРК 14 чыгармачыл топту диплом менен сыйлап, 9 топ "Шайыр апалар" телефестивалынын лауреаты болду. Мындан тышкары 1, 2, 3-орунду камсыздаган коллективдер диплом жана акчалай сыйлыктарды алышты.

Сыйлоо аземинин алкагында алты катышуучуга "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси ыйгарылды.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунун "Ысык-Көл ажары" чыгармачыл тобу телефестивалда жеңүүчү аталып, 100 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болду.

"Аймактарды өнүктүрүү жылынын" алкагында уюштурулган бул телефестивалга Кыргызстандын бардык район-шаарларынан 500гө жакын чыгармачыл аялдар келип катышты.