Өйдөгө өр тартып 10 чакырым чуркаган күлүктөр. Ала-Арчадагы жарыштын сүрөттөрү

Sputnik

Ала-Арча капчыгайынын кире беришинен старт берилип, альплагерге чейин 10 чакырым аралыкка чуркашты. Аталган спорттук иш-чара "Өзүңдөгү көчмөндү ойгот" деген лозунг менен этно багытында өтүп, мындан улам айлана этно стилде жасалгаланган. Мисалы, старт менен фиништин аркасы жана башкы сахна боз үй сыяктуу болду.

Белим бекчейе элек! Бишкекте 60 жаштан өткөндөр жарышка түштү. Сүрөттөр
Алгач жарыштын катышуучулары кара жорго бийин бийлеп көнүгүү жасашты. Ал эми марага келгенде уюштуруучулар күлүктөрдүн ар бирине медаль тагып, жандуу чертилген комуз күүлөрү менен тосуп алышты.

Катышуучулардын жаш курагы боюнча эң кичүүсү 16да болсо, улуусу 74 жашта экен. Тоо койнунда чуркоону уюуштуруунун башкы максаты элди сергек жашоо образына үгүттөө жана Кыргызстандагы спорттук туризмди өнүктүрүү болуп саналат.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу аталган иш-чаранын расмий медиа өнөктөшү болду.

 

1 / 12
Жарыштын катышуучуларынын баары 10 чакырым аралыкка өйдөнү көздөй өр тартып чуркашты
2 / 12
Жарыштын алдында ата мекендик ырчылар обон созуп жөө күлүктөрдү шыктандырып турду
3 / 12
Айрым ата-энелер жаш балдары менен барып спорттук иш-чарага күбө болуп келишти
4 / 12
Алгач катышуучулар кара жорго бийин бийлеп дене боюн жазып алышты
5 / 12
Жарышка чыккандардын жаш курагы боюнча эң кичүүсү 16да болсо, улуусу 74 жашта
6 / 12
Тоо койнундагы мелдеште 700гө чукул профессионал күлүктөр жана ышкыбоздор күч сынашты
7 / 12
Чуркоого камынтып тургандардын арасынан белгилүү ортопед Сабырбек Жумабековду да көрүүгө болот
8 / 12
Иш-чара этно стилде өткөндүктөн жоо чапканы бараткан аскердин кийимин кийип келгендер да болду
9 / 12
Эки тарабың жашыл тоо, асты жагыңдан шаркырап суу агат, алдыны карасаң ак мөңгүлүү зоолор көзгө урунат. Бешинчи жана сегизинчи чакырымда күлүктөрдүн өзөк жалгоосу үчүн жемиштер менен суусундуктарды даярдалган
10 / 12
Жаш үй-бүлө. Чуркап келген ата бөбөгүн колуна алып турат.
11 / 12
Байгелүү орундар эркектер, аялдар жана жаш курагы боюнча категорияга бөлүндү. Анда абсолюттук категориядан сырткары 30-39, 40-49, 50-59 жана 60 жаштан жогоркуларга сыйлык тапшырылды.
12 / 12
Жарышты "Тонус" коомдук фондусу уюштурган.