11-сентябрдагы теракт боюнча АКШ соту Иранга акча төлөтмөй болду

Фемида өкүлдөрүнүн койгон кинесинде "Аль-Каида" тобуна Тегерандын материалдык жардам көрсөтүп турганы айтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Американын соту 11-сентябрдагы теракт боюнча Иранды компенсацияга жыкты. Бул туурасында РИА Новости The Hill басылмасына таянып кабарлады. 

Соттун чечими менен Иран, Исламды коргоочулар корпусу жана Ирандын борбордук банкы 1008 адамдын өлүмүнө катыштыгы бар деп таанылды. Мындан улам Иран бийлиги курман болгондордун туугандарына компенсация төлөп бериши керектиги айтылды.

Төлөнө турган каражат туугандык байланыштарга жараша болмокчу. Каза болгондордун жарына 12,5 миллион доллар; балдары менен ата-энесине 8,5 миллион; карындашы-эжеси же агасы-иниси болсо 4,25 миллион доллар төлөп бериши керек.

11-сентябрь. Теракт. Бейкүнөө өлүмдөр. Каргашанын жүрөк титиреткен сүрөттөрү
Аталган терактыны изилдеп жаткан атайын комиссия буга чейин Ирандын аталган окуяга түздөн-түз катышы бардыгын далилдеген факты таппаса да Нью-Йорк соту жогорудай чечим чыгарып отурат. Фемида өкүлдөрүнүн койгон кинесинде "Аль-Каида" тобуна Тегеран материалдык жардам көрсөтүп турган деп айтылган.

11-сентябрдагы терактыдан курман болгондордун туугандары 2004-жылы Ирандын бийлигине каршы доо койгон.

Басылма Тегеран америкалык соттун бул чечимин тоготпошу мүмкүндүгүн жазды. Андан сырткары, соттун чечими АКШдагы ирандык жарандар менен компаниялардын эсептериндеги каражатты теракт курмандыктарынын туугандарынын алуусуна шарт түзөт деген маалымат жазылган.

Буга чейин 11-сентябрдагы терактыны уюштурган кишинин Обамага жазган каты жарыяланган.