Түштүк Кореяда аэропортту тазалап жүргөн адам алтын куймаларын таап алды

Табылганын баасы жүз миңдеген доллар экени айтылууда.
Sputnik

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Түштүк Кореядагы Инчхон шаарынын аэропортун тазалап жүргөн киши 350 миллион вондук (327 миң доллар) алтын куймаларын таап алганын The Korea Times басылмасы жазып чыкты.

Америкалык киши 4 млн. доллар уткан лотерея билетин унутуп калган
Полиция алтындын чыныгы ээси табыла электигин маалымдады. Эгер ал алты айдын ичинде өзү тууралуу кабар бербесе, алтынга аны таап алган киши ээлик кылып калат.

Ал эми ээси аныкталып калса, тазалагычка алтын баасынын 20 пайызы берилет. Бирок эгер куймалардын кандайдыр бир кылмыштуу ишке тиешелүүлүгү болсо, таап алган адам кур жалак калары белгилүү болду.

Буга чейин Якутияда учактан алтын "жаап", полиция элди текшерип убара болгон.