Чолпон-Атада окуучулар мушташып, бир бала каза болду

Болжолдуу маалыматтар боюнча окуучулар кыздын айынан мушташкан.
Sputnik

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда өспүрүм балдар мушташып, жыйынтыгында бир окуучу каза болду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады. 

Окуя 29-апрель күнү Бактуу-Долоноту айылында катталып, анда мектепти мурун бүтүп кеткен балдар менен окуучулар мушташа кеткен. Катуу алган жарааттан улам 2002-жылы туулган бала ошол жерден каза болгон. 

"Эки окуучунун ортосундагы жаңжал Чолпон-Ата шаарынан алыс эмес жерде болгон. Жергиликтүү мектептин окуучусу курдашын башка чаап салган. Жыйынтыгында жаракат алган бала ошол жерден жан берген", — деп жазылат билдирүүдө. 

Алдын ала маалыматтар боюнча мушташ кыздын айынан чыккан. Учурда курдашын башка чапкан бала кармалып, иликтөө иштери башталды.