"Эл ырчысы Эстебес" Алайда өнөрүн тартуулап жүрөт

Оштон кийин аталган топ Кыргызстандын калган аймактарын да кыдырмакчы.
Sputnik

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын "Эл ырчысы Эстебес" тобу Ош облусунун Алай районун кыдырып, концерт тартуулап жүрөт. Бул тууралуу филармониянын көркөм жетекчиси Алтынбек Максутов билдирди.

Анын айтымында, иш-чара президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан жарыяланган Аймактарды өнүктүрүү жылына арналат.

"Концерттин сценарийин топтун жетекчиси, белгилүү төкмө акын Аалы Туткучев жазды. 26-27-апрель күнү Ош шаарында концерт бердик, эми алайлыктарга өнөр тартуулайлы деп турган чагыбыз. Бул жактан баргандан кийин Бишкекке концерт коюп, андан соң Талас, Ысык-Көл, Нарынга барабыз", — деди Максутов.

Эскерте кетсек, "Эл ырчысы Эстебес" тобу жыл жыйынтыгы менен филармониянын акчалай сыйлыгына  ээ болгон.

Буга чейин топтун жетекчиси Аалы Туткучев менен да маек курганбыз.