Бишкектин 140 жылдыгына карата майрамдык оюн-зоок, концерттер эртең менентен тарта эле башталды. "Революциянын каармандарына" деп аталган монументте, Уркуя Салиеванын эстелигин алдында мектеп окуучулары ырдап, бийлеп, комуз чертти.
Эски аянтта гүлдөрдүн көргөзмөсү уюштурулуп, жашыл жаныбарлар менен кишилер пайда болду.
140 жылдык юбилейди саат 19:00дө боло турган эстрада жана эл ырчыларынын концерти коштоп, ал эми кечинде 23:30да майрамдык фейерверк жыйынтыктайт.