Манастын эстелигинин жанында бийлеген кыздар. Бишкектин 140 жылдыгына белек

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Бишкек шаарынын 140 жылдыгына карата көз жоосун алган видеолорду даярдады.
Sputnik

Асмандан тартылган видеороликтерде Бишкектин эң белгилүү жерлери тандалып, "Манастын кыздары" тобунун улуттук бийи шаңдуу маанай тартуулайт. Роликтерди 26-апрелден тарта Sputnik Кыргызстан порталынан, социалдык тармактардан жана RTV, Saltanat TV, "Кыргыз ТВ", Event санариптик каналдарынан көрүүгө болот.

Экинчи роликте скульптор Базарбай Сыдыковго таандык "Айкөл Манастын" эстелигин көрсөтөбүз. Жети жыл мурун 31-август күнү "Ала-Тоо" аянтында орнотулган бул эстеликтин бийиктиги — 17 метр 55 сантиметр.

Ошол эле видеодо Мамлекеттик тарых музейи дагы көрүнүп турат. Анда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн атам замандан берки тарыхый жана маданий баалуулуктары сакталып турат.

Бишкектин 140 жылдыгын утурлай кыздар Курманжан датканын эстелигинин алдында бийлешти
Редакция Кыргыз-түрк "Манас" университетинин алдындагы "Манастын кыздары" бий тобуна, хореограф Клара Койчукуловага, "Бийиктик" чыгармасынын автору Азамат Отунчиевге жана "Манас" университетинин ректоратына ыраазычылык билдирет.

Мындан тышкары, Sputnik өлкөнүн жашоочулары менен меймандарына белек катары аудиогид камдады. Панорамалык сүрөттөр менен шөкөттөлгөн аудиогидди 29-апрелден баштап sputnik.kg сайтынан угуңуздар. Анын жардамы менен борбор калаанын маданият жана тарыхый жайларын "аралап" чыкса болот.

"Сүйүктүү шаарым кечээ жана бүгүн" фото долбоору 17-апрелден тарта "Ала-Тоо" аянтында көрсөтүлүп жатат.

Sputnik Кыргызстан – ондогон өлкөдө жайгашкан мультимедиалык маалымат хабдары бар маалымат агенттигинин жана радиосунун бир бөлүгү. Sputnik өзүнө 30 тилден ашуун жазылган сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркеме жана социалдык тармактардагы баракчаларды камтыйт. Sputnik агенттигинин жаңылык түрмөгү күнү-түнү араб, англис, испан жана кытай тилдеринде жарык көрөт.