Аскарбек Шадиевге кылмыш иши козголду

Шадиев депутаттыгы менен бирге биринчи вице-премьерлик кызматты аркалап, өз арызынын негизинде 13-апрель күнү жумушунан бошотулган.
Sputnik

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Шадиевге Кылмыш жаза кодексинин 304-беренесинин (Кызмат абалынан кыянаттык менн пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратура билдирди.

УКМК Айбек Калиевди кармады
Маалыматка ылайык, 2017-жылдын 29-июнунда Жогорку Кеңеш төрагасынын наамына экинчи жарым жылдыкка карата КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) иш-чараларынын графиги келген.

Документке КМШ ПААсынын башкы катчысы кол койгон. График ошол эле күнү Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Аскарбек Шидиевге жөнөтүлгөн. График боюнча Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыктын лауреатын аныктоо каралган эмес.

"Бирок 25-августта Шадиев жазуучу Айтматов атындагы сыйлык ыйгарылбай турганын билип туруп, ЖК төрагасына 30 миң доллар бөлүү зарылдыгы боюнча кайрылуу жолдогон. Анын негизинде суралган каражат комитеттин бөлүм башчысы Арсен Закировго берилген. Бирок акча ПААнын катчылыгына түшпөгөнү аныкталган. Ал эми Шадиев 18-сентябрда каражат айтылган дарекке жөнөтүлгөнү тууралуу маалымат берген", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматта  Шадиевдин туура эмес аракеттеринен улам мамлекетке 2 миллион 61 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилгендииг айтылган.

Ушу тапта кылмыш иши УКМКнын тергөө башкармалыгына жөнөтүлдү.

Эскерте кетсек, Шадиев депутаттыгы менен бирге биринчи вице-премьерлик кызматты аркалап, өз арызынын негизинде 13-апрель күнү жумушунан бошотулган.