Перу: курмандыкка чалынган балдар көмүлгөн ири жай табылды

Балдар менен кошо көмүлгөн эки аялдын баш сөгүндө оор жаракат алган белгилер табылган.
Sputnik

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Перуда археологдор курмандыкка чалынган балдар көмүлгөн ири жай, 140 баланын сөөгү табылды. Бул туурасында gazeta.ru National Geographic порталына таянып кабарлады.

Адистер бул күнгө чейин кездешкен адам көмүлгөн эң ири жай экендигин айтышкан. Казуу иштери АКШнын улуттук географиялык коому тарабынан колдоого алынып, көмөк көрсөтүлгөн.

Кандуу кара келтектин курмандыктарын кучагына алган "Ата-Бейит". Архивдик сүрөттөр
550 жыл мурда 5 жаштан 14 жашка чейинки балдар менен 18 айлык 200 лама кошо көмүлгөндүгүн аныктап чыгышкан. Балдар кыязы Чиму империясына таандык болгон деген версиялар айтылган. Казганда балдар менен жаныбарлардын кабыргалары бири-бирине батып кеткени байкалган. Алар менен кошо көмүлгөн эки аялдын баш сөөгүндө оор жаракат алган белгилер табылган.

Мүрзө учурда үстүнөн суу агып жатып, катып калган ылай менен капталган. Кыязы, кургакчылык болгон мезгилдери жергиликтүү эл өз кудайына табынуу үчүн курмандык чалган.

Адамдардын массалык түрдө көмүлгөн учуру Кыргызстанда да кездешкен. 1937-жылы Бишкектин чет жакасында 138 адамдын сөөгү көмүлгөн жай табылган.