Бишкектин чок ортосунан бүркүт жоголуп кетти

Чагылган аттуу бүркүттү ээси шоу программага катышуу үчүн Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев айылынан алып келген.
Sputnik

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Кечээ, 27-апрель күнү, Бишкектин чок ортсунан үч жаштагы Чагылган аттуу бүркүт жоголуп кеткенин Sputnik Кыргызстан агенттигине Этно-маданий туристтик "Ысык-Көлдүн тескей жээк" дестинациясынын аткаруучу директору Бегимай Мукашева кабарлады.

Анын айтымында, куш Hyatt Regency мейманканасында өтүп жаткан шоу-программа учурунда асманга учуп кеткен бойдон кайрылган эмес. 

Пропажа беркута в Бишкеке

"Туристтик форумдун алкагында мейманкананын алдында шоу-программа болуп жаткан. Кезек "Үндөк" таймашына келгенде бүткүт учуп барып алгач бактын башына конду. Коркуп кеттиби же ээсин таппай калдыбы, айтор, андан ары асманга учуп кетти", — деди Мукашева.

Бишкектин чок ортосунда жүргөн уй аялды сүзүп салды. Күбөнүн видеосу
Маалыматка караганда, Чагылган аттуу бүркүттү ээси шоуга катышуу үчүн Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев айылынан алып келген.

"Үндөк" — бүркүттөр арасындагы таймаш. Анда кушту 200 метрдей алыстыкка кондуруп алып, ээси үн салып чакырат. Кимдин бүркүтү биринчи келсе, жеңүүчү деп табылат.

Иш-чаранын уюштуруучулары жана куштун ээси аны көргөндөр болсо, 0 (772) 673307 номери боюнча кабарлап коюуну суранышууда.