АКШда кармалган Элнура Молдокадырова менен Ренат Самудиновдун кайда экени аныкталды

Жубайлар былтыркы жылдын октярь айында Америка менен Мексиканын чек арасынан кармалган.
Sputnik

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Активист Ренат Самудинов менен келинчеги, журналист Элнура Молдокадырова ушу тапта АКШнын Калифорния штатындагы Аделанто шаарында мыйзамсыз келген иммигранттардын атайын жайында кармалып турат. Бул маалымат АКШнын Иммиграциялык жана бажы полициясынын сайтына жарыяланды.

Ага ылайык, кыргызстандыктар бул жайда АКШ аймагында жүрүүгө уруксатынын бар-жогу тууралуу соттун чечими чыккыча кармалышат.

Чеченстанда акылынан айнып калган кыргызстандык табылды
Самудинов жубайы экөө былтыр октябрь айында Америка менен Мексиканын чек арасынан кармалган. Тышкы иштер министрлиги Самудинов менен Молдокадырова саясий баш паанек сурап кайрылганын айтып чыккан. Кыргызстандын АКШдагы элчилиги кыргызстандык жарандарга укуктук жардам берүү үчүн өлкөнүн иммиграциялык кызматы менен байланышта экени айтылды.

Ренат Самудинов Кыргызстандын Социал-демократтар партиясынын мүчөсү болуп, кийин көз караштардын дал келбестигинен улам партиядан чыгарылган. Молдокадырова Коомдук телерадиокорпорациясында иштеп, бир катар иликтөөлөрдүн автору болгон. Жумуштан өз ыктыяры менен кеткен.